08:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Суроо-жооп. Уулум экстремисттик топко кошулду, милицияга билдирүүдөн корком

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: 24 жаштагы тун уулум эки жыл мурда мечитке барып баштагандан кийин өзгөрүп кетти. Көп сүйлөбөйт, дайым кабагын түйүп жүрөт. Кандайдыр бир жыйындарга көп бара турган болду. Секта, же экстремисттик топко кошулуп кеттиби деп күмөн санайм? Укук коргоо органдарына да кайрыла албайм...

Жооп: Уулуңуз менен ачык сүйлөшүп, анын эмне менен алек болуп, кайсы мечитте, кандай топтогу адамдар менен баарлашып жатканын билиңиз. Дин жана башка маселелер боюнча сөз козгоп дагы балаңыздын ислам боюнча ой-пикирин талдап көрсөңүз болот. Албетте, мүмкүнчүлүк болсо, балаңыздын интернеттеги, социалдык тармактагы досторун, топторун карап чыксаңыз болот.

Эгер шегиңиз ырасталса, анда дароо укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл. УКМК, ИИМдин 10-башкармалыгына кайрылыңыз. Негизинен мындай учурда укук коргоо органдарына кайрылуудан жалтаңдабаш керек. Анткени, алар балаңызды кылмыштан жана кырсыктан алып калат.

Эң көп окулган жаңылыктар