04:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кадамжай районунда митинг өтүп жатат. Жергиликтүү эл алтын иштетүүгө каршы

Кадамжай районунун Майдан айылдык округунда митинг өтүп жатат. Бул тууралуу «Кадамжай жаштары» уюму маалымдады.

Алардын айтымында, жергиликтүү тургундар Шамбелсай алтын кенин иштетүүгө каршы. Алар кен иштетүүчү «Тианди» кытай ишканасынан ишти токтотууну талап кылып, плакаттарды көтөрүп чыгышты. Жаштардын билдирүүсүндө, миңге жакын киши топтолду.

Бирок, район акими Жаныбек Исаков маалыматты төгүндөп, митинг эмес, инвестор менен жолугушуу өткөнүн айтууда.

«Ишкана алтын кантип казып аларын айтып берди. Ал казып алууда жаңы технологияны колдонот. Анда цианид болбойт экен. Бул кен 2012-жылы иштетүүгө берилгени менен дагы эле ишке кире элек. 2016-жылы жаңы инвестор лизенциясын алды» — дейт Жаныбек Исаков.

Аталган кенде 8 тонна алтын бар. Аны иликтөө иштери 2007-жылы жүргүзүлгөн. 

Эң көп окулган жаңылыктар