USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Бишкек шаарында көчөдө тоңуп калгандарды ишкерлер кеңсесине жылынууга чакырат

12:54, 24 января 2018, Бишкек - 24.kg

Hoster.kg компаниясы ызгаар күндөрү тышта жүрүп тоңуп калгандарды Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан кеңселерине жылынууга чакырат. Бул тууралуу компания Facebook баракчасына билдирүү жазды.

«Эгер сиз суукка тоңуп калсаңыз, бизге конокко келиңиз. Сизге ысык чай, же кофе куюп беришет» — деп чакырышат.

Компаниянын кеңселери Ахунбаев/Абай, Киев/ Мир проспекти, Горький/Байтик Баатыр көчөлөрүндө жайгашкан.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн айрым аймактарында 26-январдан тарта аба-ырайы −40 градуска чейин түшөрүн эскерткен. Бишкек шаарда −20 градус ызгаар күтүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика