21:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өкмөт башчы ызгаардуу суукта кызматкерлерди жумуштан эрте бошотууну сунуштады

Казакстандын премьер-министри Бакыт Сагинтаев ызгаардуу суукка байланыштуу мамлекеттик жана менчик ишканаларга кайрылды. Бул тууралуу Tengrinews маалымат агенттиги билдирет.

Бакыт Сагинтаев өлкөнүн үч облусунда аба-ырайы −40 градуска түшөөрүн белгилеп, жылуулук, транспорт жана коопсуздук боюнча жооптуу мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди жигердүү иштөөгө чакырды.

«Мамлекеттик жана менчик ишканаларга кайрылам. Бул күндөрү кызматкерлерди көпкө кармап олтуруунун зарылчылдыгы жок. Жумуштан кийин үйгө жеткирүү үчүн транспорт уюштуруу керек» — деди ал.

Казакстанда ызгаар түшкөндөн бери акыркы жумада ичинде төрт киши суукка тоңуп мерт болду. Кыргызстанда дагы 25-26-27-январь күндөрү айрым аймактарда аба басымы −30 −40 градуска жетери маалымдалды.

Эң көп окулган жаңылыктар