01:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ызгаарга карабай мектептерде сабак токтотулбайт

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мектептер толук иштерин билдирди.

Алардын айтымында, билим берүү мекемелериндеги абанын температурасын такай өлчөп туруу буйругу берилди. Эпидемологиялык көзөмөл департаменинин эскертүүсү менен гана мектептер жабылышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, былтыры январь айындагы катуу суукта Нарын, Чүй жана Жалал-Абад облусундагы мектептердеги окуу убактылуу токтотулган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-январдан тарта катуу суук болорун жарыялады.

Эң көп окулган жаңылыктар