Бүгүн Бишкек-жолунун 386-чакырымында «DAF» үлгүсүндөгү мамлекеттик № 04KG411АС күйүүчү май ташычуу унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Кырсык Жалал-Абад-облусунун Кара-Көл шаарында болду. Унаанын ичинде болжол менен 37 тонна солярка болгон, анын ичинен 2 тоннасы төгүлгөн.
Окуя болгон жерде КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык № 94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.