09:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жалал-Абад мэриясы бир жылда 14 миллион сом киреше алганын айтат

Жалал-Абад шаары муниципалдык менчиктеги ишканалардан 13 миллион 999,6 миң сом киреше алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Алардын айтымында, 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы 1 миллион 718 миң 600 сом киреше көп алынды. Аны менен бюджеттин киреше бөлүгү 103,3 пайызга аткарылды.

Мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин жетекчиси Болотбек Джусупбековдун айтымында, эң эле көп каражат турак жай эмес багыттагы имараттардын ижарасынан жана шаардагы көрнөк-жарнактардан келип түшүүдө.

"Өткөн жылы турак жай эмес багыттагы имараттардын ижарасынан план боюнча 1 миллион 500 миң сом бекитилген болсо, иш жүзүндө 1 миллион 750 миң 400 сом акча түшкөн. Ал эми шаардагы көрнөк-жарнактар боюнча бекитилген план 1 миллион 700 миң сом болсо, 1 миллион 820 миң сом жыйналды. Тынымсыз рейддердин уюштурулушунун, түшүндүрүү иштердин жыйынтыгы менен биз бекитилип берилген планды ашыгы менен аткара алдык. Жашоочуларыбыздын да ижара боюнча түшүнүктөрү жакшырды, баштагыдай уруш-талаштар болбой эле өздөрү келип, биз менен келишим түзүп, төлөмдөрдү төлөп жатышат"— дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума