14:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өзбекстанда экинчи жолу ажыга барууга тыюу салынды

Өзбекстанда жарандардын Меккеге ажылыкка экинчи жолу баруусуна чектөөлөр киргизилип, талапкерлерди тандоо үчүн жаңы талаптар аныкталды. Алардын ичинде ажыга барууну каалагандар «жаман жолго түшкөн адамдарды кайтаруу иштерине активдүү катышуусу» керектигин белгиленген.

Министрлер кабинетинин 6-январда жарыяланган токтомунда мындан ары буга чейин ажыга барган жарандар экинчи жолу бара албай тургандыгы жазылган. Ошондой эле жаңы тартиптерге ылайык, кичи ажылыкка барууну каалагандар акыркы эки жылда умрага же акыркы беш жылда ажыга бара элек болушу шарт.

Токтомдо зыяратка барууну каалагандар кезек күткөндөрдүн тизмесине кирүү үчүн атайын топ тарабынан уюштурулчу тандоодон өтө тургандыгы көрсөтүлгөн. Ал топко райондун акими, маалеге бекитилген имам, маале төрагасы жана анын диний агартуу боюнча кеңешчиси кирет.

Декабрдын башында Өзбекстандын мусулмандар дин башкармалыгы Меккеге ажыга бара тургандар үчүн талаптарды катаалданткан. Мекеменин 1-декабрда жарыяланган жаңы фатвасына ылайык, ажыга барчу адам «өз маалесинде үлгү тута турган абройлуу киши болушу керек».

Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ТИМдери тарабынан 1987-жылы кол коюлган макулдашуунун алкагында 32 миллион калкы бар Өзбекстан жыл сайын ажыга кеминде 20 миңден адам жөнөтүүгө укуктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар