09:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Куралын уурдаткан депутат Зиядин Жамалдинов өзү дагы жоопко тартылат

Куралын уурдаткан Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов өзү дагы жоопко тартылат.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын айтымында, депутат куралды туура эмес сактаганы үчүн административдик жоопко тартылышы мүмкүн.

Зиядин Жамалдинов куралды үйдө сандыкта сактаганын айткан. Ал куралды атайын сейфте сактоо керектигин билген эмес.

Эскерте кетсек, депутаттын Ноокат районундагы үйүнө эки аңчылык куралы уурдалып, изделүүдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби