03:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Калпак кийген иттин чыры. Активисттер «Бишкек парктан» 10 млн. сом талап кылышты

«Бишкек парк» соода борборунун алдына бүгүн бир нече жарандык активист митингге чыгып, соода түйүнүнүн жетекчилиги улуттук баш кийим саналган калпакты шылдыңга алганын айтышты. Бул боюнча «Азаттык» маалымдайт.

Активисттер 22-декабрда соода борборунда иттердин көргөзмөсү өтүп, анда катышуучулардын бири итине калпак кийигизип, улуттун намысына доо кетиргенин айтып, «Бишкек парктын» жетекчилиги кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышты. Алар 10 миллион сомду карылар үйүнүн эсебине которууну айтышууда.

Активисттер менен жолугушууга соода түйүнлүн өкүлдөрү чыккан жок.

Аталган көргөзмө боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында да айтылган. Президент парламенттин өкүлү маселе боюнча өлкө башчысынын аппараты баа берерин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар