Бишкек-Ош жолунда унаалардын жүрүүсүнө жол ачылды. Бул тууралуу ИИМ маалымдайт.
Алардын маалыматында, бүгүн эртең менен жол ачылды.
Эскерте кетсек, түндүк менен түштүктү бириктирүүчү жолдо аба-ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу 27-декабрда чектөө киргизилип, бир топ унаалардын тыгыны жаралгандан кийин жол жабылган.
ӨКМдин маалыматында, эки жерде айдоочулар үчүн жылынуучу жайлар ачылды.