USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Мурдакы коргоо министри генералдык наамынан айрылды

10:29, 25 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Мурдакы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев генерал-майор наамынан айрылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өз маалымат булактарынан белгилүү болду.

Биринчи май райондук соту Таалайбек Өмүралиевге каршы козголгон иш боюнча аны айыптуу деп таап, 5 миллион сом айып пул салып, наамын кайтарып алды.

Эскерте кетсек, мурдакы коргоо министрине аскер кызматкерлерине 2014-жылы «Жал» кичирайонундагы батирлерди туура эмес бөлүштүргөнү үчүн иш козголгон. Таалайбек Өмүралиев менен бирге дагы 10 кишиге «кызмат абалына кыянаттык», «шалаакылык» беренеси менен айып тагылган.

Таалайбек Өмүралиев 2011-2014-жылдары Коргоо министрлигин жетектеген. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика