14:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

2018-жылы 30 миң бала жөлөк пул албай калат

2018-жылы 30 миң бала жөлөк пул албай калат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайкүл Исакунова Жогорку Кеңеште билдирди.

Белгилей кетсек, өкмөт күзүндө кабыл алынган «Мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндө мыйзамдын аткаруу мөөнөтүн үч айга жылдырууну суранат.

Министрдин айтымында, мыйзамга ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөк пул программасына кирбей калат.

«Ал үй-бүлөлөрдүн бир, же эки үчтөн өйдө курактагы балдары бар. Үч ай ичинде терең анализ жүргүзмөкчүбүз», — деди Таалайгүл Исакунова.

Өкмөт ар төрөлгөн балага 4 миң сом сүйүнчүнү 1-январдан тарта берүүгө даяр.Негизинен 3 жашка чейин жана 3 баладан тарта жөлөк пулду төлөө мөөнөтүн жылдыруу сунушталат.

Кечээ парламентте аталган мыйзамды 1-сентябрга чейин жылдыруу зарылдыгы айтылды.

Эскерте кетсек, 1-январдан тарта «Мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндөгү мурдакы мыйзам күчүн жоготуп, жаңысы күчүнө кирмек. Ага ылайык мамлекеттен колдоо үй-бүлөлүк кирешесине карата эмес, баласынын санына жараша бериле баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар