00:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Суроо-жооп. Чиркөө ачуудан мурда уруксат алуу керекпи?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Өлкөдө эмне көп, ар кандай диний агымдар, секталар көп. Алардын көпчүлүгүн өздөрүнүн мечит, чиркөө жана башка жыйын куруучу жайлары бар. Сурайын дегеним, коомдо аброю начар, шек туудурган диний агымдар дагы өздөрүнүн «чиркөөлөрүн» ача алабы?

Жооп: Эми бул жерде «аброю начар» жана шек туудурары тууралуу сөздөрдүн мыйзамдык талтанышына жараша. Биринчиден, Кыргызстанда экстремисттик маанайдагы уюмдарга тыюу салынган. Демек алар

чиркөө, мечит жана башка жайларын ача албайт. Бирок, кандай гана диний агым, секта жана башка уюм болбосун, аларды соттун чечими менен гана экстремисттик деп атоого жана ишмердигине тыюу салууга болот.

Экинчиден, Кыргызстанда кандай гана диний уюм болбосо ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда катталгандан кийин гана, анын уруксаты менен гана өзүнүн иш алып баруу жайларын ача алат. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия алардын сиз айткандай аброюн жана шек туудурган жактарын текшерип чыгат. Күмөн жараткан уюмдарга уруксат берилбейт. Андыктан, мындай сизде күмөн жаралса, ал чиркөөнүн уруксат кагазын сураңыз.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума