17:05
USD 68.24
EUR 79.44
RUB 1.07

Елена Дзимидович: Өмүрбек Бабанов НТС телеканалынын кожоюну эмес

Өмүрбек Бабанов НТС телеканалынын кожоюну эмес. Бул тууралуу Grexton Capital Ltd. компаниясынын өкүлү Елена Дзимидович бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, НТС Данияр Мырзаевге катталган.

Елена Дзимидовичтин билдирүүсүндө, Grexton Capital Ltd компаниясы 2 миллион 457 миң 126 доллар инвестициясын кайтарып алууну көздөйт. Ал акча «Аян» ишканасына салынган.

«Ал ишкананы Өмүрбек Бабанов 2010-жылы өзүнө ыйгарып алып, 2011-жылдын 14-октябрында жоюлган. Бирок, так ошол «Аян» НТСтин кожоюну болуп көрсөтүлөт. Андыктан акчаны телеканалдын эсебинен алып жатабыз» — дейт ал.

Елена Дзимидович Grexston Capital Ltd. компаниясы офшордо катталганын билбейт экен. Айрым маалыматтар боюнча компаниянын өкүлүнө ишеним катка Минск шаарында Максим Бакиевдин өкүлдөрү кол коюшкан.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде НТС телеканалына сот аткаруучулар келип, каналдын мүлкүн камоого алуу чечимин көрсөтүшкөн. Ал эфирди токтотуп, кызматкерлерин имараттан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Сотко телеканалга карата доо арыз менен Grexton Capital Ltd компаниясы кайрылганы белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар