20:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аскат Алагозов «Пирамида» телеканалына башкы директор болуп дайындалды

Аскат Алагозов «Пирамида» медиахолдингинин башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине телеканалдын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү келишип, Аскат Алагозовду жамаатка тааныштырды.

Аскат Алагозов дүйшөмбү күнү кызматтан кеткен «Пирамиданын» башкы директору Нурзада Токтогулованын орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин «Бешинчи канал» телеканалында эмгектенген.

Белгилей кетсек, учурда парламентте «Пирамиданы» Жогорку Кеңештин телеканалына айлантуу сунушу каралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар