23:34
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Дагы бир мамлекеттик телеканалдын жетекчиси кызматтан кетти

«Пирамида» телеканалынын жетекчиси Нурзада Токтогулова кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты ал өзү «24.kg» агенттигине ырастады.

Нурзада Токтогулова телеканалды ким жетектерин билбейт.

Эскерте кетсек, кечээ эле депутаттар аталган телеканалды Жогорку Кеңештин карамагына өткөрүү сунушун талкуулашты. «Пирамиданын» 100 пайыз акциясы мамлекетке тийиштүү.

Өткөн апта аягында «Бешинчи каналдын» башкы директору Евгения Бердникова, башкы редактору Дмитрий Ложников жумуштан кетүү арызын жазышкан. Айрым маалыматтарга караганда, «Бешинчи каналдын» бир топ кызматкерлери башка телеканалга өтүшүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар