15:55
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Депутат 1-январда тарта бериле турган сүйүнчүнү токтото турууну сунуштайт

2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган сүйүнчү боюнча мыйзам долбоорду кайра карап чыгуу сунушу айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат бир жумадан кийин мыйзам долбооруна өзгөртүүнү сунуштамакчы.

«Сүйүнчүнү азыр кое турсак. Аны 1-январда тарта берүүнү кереги жок. Андыктан, мыйзамды 2018-жылдын 1-сентябрына жылдырсак. Биз азыр акчага муктажтардын нанын алып, башкаларга берип жатабыз» — деди Акылбек Жапаров.

Депутаттын маалыматында, өлкөдө 120 миң үй-бүлө жакыр, 270 миң кедей, 700 миң орто кирешелүү, 120 миңи бай жашайт.

«Ошондо 400 миң үй-бүлө гана жөлөк пул алышы керек», — деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, 1-январдан тарта «Жөлөк пул» жөнүндөгү жаңы мыйзам ишке кирет. Ага ылайык ар бир ымыркайга төрөлгөндө 4 миң сом сүйүнчү жана 3 жашка чейин 700 сом жөлөк пул төлөнөт. Көп балалуу үй-бүлөлөргө үчүнчү баласынан тарта 500 сомдон берилет. Мында үй-бүлөлүнүн кирешеси эсепке алынбайт.

Аймактарга мыйзамга каршы митингдер өтүүдө.

 
Эң көп окулган жаңылыктар