17:44
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте төртүнчү кабаттан секирип кеткен өспүрүм кыз ооруканга жаткырылды

Бишкекте 17 жаштагы кыз төртүнчү кабаттан секирип кетти. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирди.

Окуя кечээ кечинде болгону аныктлады. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды.

Борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы маалыматты тастыктады. Мекеменин маалыматы боюнча, милицияга билдирүү кечээ саат 22.30да түшкөн. Гоголь жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн батиринен бир кыз кулап кеткени кабарланган.

«Жабырлануучу жашы жете элек С.М. экени аныкталды. Факт маалыматтарды эсепке алуу журналында катталды. Экспертизалар дайындалды», — деп билдиришти редакцияга.

Эң көп окулган жаңылыктар