21:47
USD 87.45
EUR 102.21
RUB 1.09

Таласта 9-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйды

Талас облусунун Кара-Буура районунун мектеп окуучусу өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК маалымдайт.

Окуучунун өз өмүрүнө кантип кол салгандыгы азырынча белгисиз. Анын сөөгү 12-декабрда 16.00дө табылды.

Мектеп директорунун айтымында, өспүрүм тартиптүү бала болчу. Ал тайэнеси менен чогуу жашачу.

Эскерте кетсек, 7-декабрь күнү Майлы-Суу шаарында мектеп окуучусу асынып алды. 11-декабрда Талас облусунда 9-класстын окуучусу дагы өз өмүрүнө кол салган.

Эң көп окулган жаңылыктар