07:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Прокуратура «Ата-Мекен» депутаты Алманбет Шыкмаматовго 8 жыл сурады

Прокуратура «Ата-Мекен» депутаты Алманбет Шыкмаматовду сегиз жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул боюнча бүгүнкү Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурум учурунда айтылды.

Мамлекеттик айыптоо сегиз жылга эркинен ажыратуудан сырткары, үй-мүлкүн конфискациялап, үч жылга мамлекеттик кызматты ээлегө тыюу салууну сурады. Депутатты күчөтүлгөн тартиптеги абакка камоо керектиги айтылды.

Эскерте кетсек, Алманбет Шыкмаматовго юстиция министрлиги кезиндеги ишмердиги үчүн жемкорлук беренеси менен иш козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар