22:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Диний суроо-жооптор. Талак жана кумар оюндары

 «24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери жооп берет.

Суроо: Аялын бир аз коркутуп коюу үчүн «сени менен ажырашам» деп айтса болобу?

Жооп: Хадистердин биринде мындай деп айтылган: «Үч нерсе боюнча эч качан тамашалаганга болбойт. Бул нике, талак жана динден кайтуу». Андыктан, эгер эркек ажырашары тууралуу үч жолу тамаша кылып айтса дагы диний жааттан алганда нике бузулат. Андыктан, дин үй-бүлөнү сактоого чакырып, ажырашууга этият мамиле кылууну сунуштайт.

Суроо: Күйөөм достору менен карта ойнойт. Буга дин кандай карайт?

Жооп: Шариятта куман оюндары ичимдикке барабар коюлат.

Куранда «Ичимдик ичүү, кумар оюндарын ойноо – бул шайтандын иши. Алардан алыс болсоңуз, көпкө жетишесиз» - деп айтылат. Күйөөңүз өзүн мусулман деп санаса, анда Куранда кумар оюндарына тыюу салынгандыгын билгени оң.

Суроо: Диний түшүнүк жоктуктан, көп маселе жаралат. Эмне үчүн мектептерде дин тануу сабактары жок?

Жооп: Ооба диний түшүнүктүн жоктугу радикалдашууга алып келет. Бул маселе Дин тармагынын 2014-2020-жылга концепциясынын алкагында чечилиши күтүлүүдө. Азыр 10 мектепте «Диний маданият тарыхы» сабагы окутулууда. Жакынкы жылдарда дин тану сабагы баардык мектептерде окутула баштайт деп ишенебиз. 

Эң көп окулган жаңылыктар