04:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстандын соту кыйноо жолу менен алынган көрсөтмөлөрдү кабыл албайт

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев мыйзамсыз жол менен топтолгон далилдерди колдонууга тыюу салган жарлыкка кол койду.

«Сот-тергөө ишиндеги жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин күчөтүү чаралары» жөнүндөгү жарлыкка ылайык, үч ай ичинде тергөө абактарына, убактылуу жана административдик камоо жайларына видео көзөмөл орнотуу тапшырмасы берилди.

Өзбекстанда мындан ары мыйзамсыз жол менен алынган күбөлөрдүн, жабырлануучулардын, шектүүлөрдүн, эксперттердин көрсөтмөлөрүн жана аудио-видеожазмаларды колдонууга тыюу салынды.

Мындан ары далилдер укуктук нормаларды бузуу менен топтолгону маалымдалса, алар милдеттүү түрдө медициналык экспертизадан жана прокуратуранын текшерүүсүнөн өтөт.

Фактыларды бурмалап, көрсөтмө берүүгө мажбурлагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Эң көп окулган жаңылыктар