09:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте «Курманбек Бакиевге ич кийим топтоо!» акциясы өтүп жатат

Бишкекте «Курманбек Бакиевге ич кийим топтоо!» акциясы өтүп жатат. «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук фондунун өкүлдөрү Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митингге чыгып, Казакстандын телеканалдары Курманбек Бакиевдин катышуусунда көрсөткөн тасмага нараазычылыгын билдиришти.

Анда мурдакы президент Кыргызстандан үстүндөгү кийими менен качып кеткендигин, анын үй жайы тонолуп, ич кийимине чейин алып кетишкенин айтат.

Акциянын уюштуруучулары социалдык тармак аркылуу акыркы күндөрү үч коробка үч кийим топтошту. Аны казак элчигине тапшырып, Курманбек Бакиевге жөнөтүүсүн өтүнүшмөкчү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума