01:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Рим папасы Франциск Мьянманын лидери менен жолукту

Рим папасы Франциск Мьянманын жарандык лидери Аун Сан Су Чжи менен сүйлөштү. Ватикан башчысынын бул сапарын дүйнөлүк агенттиктер «оор жана таатал учур» катары баалашууда.

Су Чжи менен жолуккандан кийин Рим папасы Мьянманын жашоочуларына кайрылды. Өз сөзүндө ал өлкөнүн келечеги ар бир этностун укуктарын урматтоодон көз каранды болорун эскертти.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарын билдирүүсүндө, Папа Франциск сөзүндө рохинжа мусулмандарын атабаганы менен аларга кыйыр түрдө колдоо көргөзгөндөй болду.

Ватикан башчысы Мьянмада адамдардын «жарандык жаңжалдар менен аскердик аракеттерден дале жабыркап жатканына» өкүнүүсүн, Мьянманы өз үйү катары эсептеген ар бир жаранга негизги адам укуктары кепилдениши керектигин айтты.

Негизинен буддисттер жашаган Мьянмада «рохинжа» сөзүн эл алдында айтууга тыюу салынган. Мусулман азчылыгына жарандык берүүдөн баш тартышып, аларды мыйзамсыз «бенгал» иммигранттары катары эсептеп келишет.

Быйыл августтан бери 620 миңдей өкүлү Мьянмадан Бангладешке качууга аргасыз болгон рохинжа мусулмандарын Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы буга чейин бир нече ирет коргогон болчу. БУУ менен АКШнын расмий өкүлдөрү рохинжа мусулмандары туш болгон кырдаалды «этностук тазалоо» катары мүнөздөшкөн.

Соңку кризис августта рохинжа козголоңчулары Ракхайн штатында полиция бөлүмүнө кол салгандан кийин башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар