Баардык мамлекеттик кызматкерлер 2019-жылга чейин кыргыз тилин үйрөнүүсү зарыл. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Өкмөттүн токтомунда мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тилин ортодон өйдө үйрөнүүгө 2021-жылга чейин убакыт берилет. Сынак бир нече этап менен жүрөт:
негизги деңгээл (А2) — 2019-жыл;
орто деңгээл (В1) — 2020-жыл;
ортодон өйдө (В2) — 2021-жыл.
Буга чейин 2018-жылдан тарта баардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен тест тапшырары айтылган. Жаңы токтомго ылайык аткаминерлер 2019-жылдан баштап сынак тапшырат.