16:00
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстандыктар мартта 4 күн эс алышат

Кыргызстанда 8-9-10- 11-март күндөрү эс алуу күндөрү деп табылды. Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Чечим 2018-жылкы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-мартындагы иш күнүнө которулат. Өкмөттүн аталган чечими ошондой эле жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине пайдаланууга сунушталат.

— 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө;

— 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө;

— 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-ноябрындагы иш күнүнө которулат;

— 2018-жылдын 29-декабрындагы жана 2019-жылдын 5-январындагы дем алыш күндөрү 2018-жылдын 31-декабрындагы жана 2019-жылдын 2-январындагы иш күндөрүнө тийиштүү түрдө которулат.

Натыйжада, кыргызстандыктар кошумча түрдө 30-апрелде, 3-сентябрда, 9-ноябрда, 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейин эс алышат.

Иш күндөрү катары 2018-жылдын 3-марты, 28-апрели, 7-майы, 3-ноябры, 29-декабры жана 2019-жылдын 5-январы жарыяланды.

Эң көп окулган жаңылыктар