00:24
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

30-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин пресс-кызматы маалымдады. 

Белгилүү болгондой, аза күтүү күнү коронавирус жана пневмония илдеттеринен каза болгон жарандарга багышталат. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештер каза тапты. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду. 

"Коронавирус инфекция пандемиясынан каза тапкан жарандарды эскерүү үчүн 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын. Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде Кыргызстандын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында кыргыз мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын", - деп берилет жарлыкта. 

Ошонддой эле жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар