08:13
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Атамбаев Бабановго козголгон кылмыш ишине пикирин билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев «Республика -Ата-Журт» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүнкү жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айтты.

Президент Өмүрбек Бабановдун Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда сүйлөгөн сөзү текшерилип, атайын экспертизадан өткөндүгүн белгилеп, андан кийин гана иш козголгонун айтты.

«Эми кимдир бирөө анын сөзүн түшүнбөсө, которуп угуп көрсө болот. Мен да уктум. Бабанов дагы тынч эле, казак олигархынын акчасына сатылбай жүрсө болмок» — деди президент.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов президентти шайлоодо 34 пайыз добуш алып, утулуп калган. Ага Башкы прокуратура шайлоо учурунда Ош шаарынын өзбек тектүү тургундары менен үгүттүн жүрүшүндө өткөн жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү үчүн, «улуттук кастыкты козгоо» беренеси менен иш козгогон. Жолугушууда Өмүрбек Бабанов «тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык» жана «бирге болсоңор, силерге эч ким каршы боло албайт» деген сөздөрдү айткан.

Өмүрбек Бабанов учурда чет өлкөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар