13:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу шайланган президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Ал Жээнбековго бекем ден-соолук жана ийгилик каалады. 

«Тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары мекендештериңиздин кадыр-баркына ээсиз. Кыргызстандын алдында актуалдуу социал-экономикалык маселелерди чечүү тапшырмасы турат. Сиз менен эки тараптуу алаканы, карым-катнашты бекемдөө үчүн иштешүүгө даярдыгым билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков 59 жашка чыкты. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума