Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу шайланган президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал Жээнбековго бекем ден-соолук жана ийгилик каалады.
«Тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары мекендештериңиздин кадыр-баркына ээсиз. Кыргызстандын алдында актуалдуу социал-экономикалык маселелерди чечүү тапшырмасы турат. Сиз менен эки тараптуу алаканы, карым-катнашты бекемдөө үчүн иштешүүгө даярдыгым билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.
Бүгүн Сооронбай Жээнбеков 59 жашка чыкты.