01:35
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Казакстанда кумсалар жөнүндөгү тасма БУУнун сынагында биринчиликти алды

Казакстандагы кумсалар тууралуу тасма БУУ тарабынан уюштурулган жаштар фильмдери сынагында биринчи орунду алды.

«Айбек» деп аталган тасмада Казакстандагы сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн жашоосу чагылдырылган. Фильмдин автору Айша Салимгереева Нью-Йорктогу сыйлык тапшыруу аземине бара алган эмес.

БУУнун радиосуна маек берген тасманын оператору Алихан Смагулов чыгармачыл топ Казакстанда кумсалардын жашоосун көрсөтүүгө аракет жасашканын билдирди. Фильмде Казакстандагы кумсалар, алардын башынан өткөргөн кыйынчылыктары баяндалган. Смагуловдун айтымында, тасма беш күндө тартылган, бирок башкы ролдо ойной турган адамды табуу кыйынга турган.

Эң көп окулган жаңылыктар