19:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өлкөнүн карызы бир айда 12,16 миллион долларга өстү

Өлкөнүн карызы бир айда 12,16 миллион долларга өстү. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт.

Карыз жыл башынан бери 326,13 миллион долларга көбөйгөн.

30-сентябрда мамлекеттик карыз 4 миллиард 366,55 миллион долларды түздү (299 миллиард 800,58 миллион сом).

Анын 3 миллиард 968,14 миллион доллары (272 миллиард 446,54 миллион сом) тышкы карыз, 398,41 миллион доллары (27 миллиард 354,04 миллион сом) ички карыз.

Эң көп окулган жаңылыктар