23:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Парламентте мөңгүлөрдү көрүп келгенден кийин гана чечим кабыл алуу сунушталды

Парламентте мөңгүлөрдү көрүп келгенден кийин гана чечим кабыл алуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында депутат Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн сөзүнө ишеним жок. Анткени, Суу кодексине өзгөртүүдө алгач баардык мөңгүлөр жөнүндө айтылса, кийин Давыдой жана Лысый мөңгүлөрүнүн астында гана кен казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү сунушталууда.

«Вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиев мөңгүлөрдүн үчтөн экиси эрип кеткен деп жатат. Өкмөт башка мүчөлөрү мөңгү башка жерге которсо, ал узакка сакталат дешет. Эмне бизге жомок айтып жатасыңар? Барып, өз көзүбүз менен көрүп келишибиз керек», — деди Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңеш эки окууда кабыл алган мыйзам долбоордо алтын казып алган ишканаларга «өзгөчө учурда гана мөңгүлөрдү бузууга уруксат берилет» деп айтылат. Мөңгүгө аз зыян келтирилген учурда гана бюджетти түзүүчү ишканаларга, ири салык төлөөчүлөргө өкмөт эксперттик топтун бүтүмү менен гана макулдук берет. Долбоор «Кумтөргө» Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүндө кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол ачат.

Кечээ бул мыйзам долбоорго каршы митинг өттү. Социалдык тармакта дагы Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактоо чакырыгы менен колдонуучулар сүрөттөрүн алмаштырууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар