11:50
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Акүй алдындагы митингде парламент депутаттарына талап коюлду

Акүй алдында өтүп жаткан мөңгүлөрдү коргоо боюнча митингде Жогорку Кеңештин депутаттарынан мыйзам долбоорду токтотуу талабы коюлду.

Митингде айтылгандай депутаттар Суу кодексине өзгөртүүнү үчүнчү окууда кабыл алышы күтүлөт. 

«Мыйзам долбоор комитетте дагы бат каралып өттү. Шашылыш кабыл алууга аракет жасап жатышат. Бул туура эмес. Депутаттар өздөрүнүн кылмыштуу аракетин тез арада кабыл алууга аракеттенип жатышат» - деди Рита Карасартова.

Митинг катышчуулары мыйзам долбоорду экинчи окууга кайтарып, коомдук угуу өткөрүүнү сунушташты. Андан сырткары, парламенттин бул аракетине карата Башкы прокуратура дагы чара көрүшү керектиги белгиленди. 

«Мөңгүдөн колуңду тарт!», «Мөңгүлөрдү сактайлы!» - ураандары айтылууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар