01:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мөңгүлөр «Кумтөр» ишканасыз эле эрип жок болууда

Мөңгүлөр «Кумтөр» ишканасыз эле эрип жок болууда. Бул тууралуу бүгүн Суу кодексине өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидромет борборунун директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев билдирди.

Анын айтымында, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн абалы оор. Ак-Шыйрак аймагында 436 чарчы метрде 165 мөңгү жайгашкан. Азыр күндүн ысышына байланыштуу мөңгүлөрдүн аянтты 12,5 пайызга кыскарды.

«Окмуштуулар иликтөө жүргүзүп, климаттын глобалдуу өзгөрүүсү мөңгүлөрдүн эрип жок болушуна олуттуу таасир берип жатканын ырасташты. Ал эми Кумтөр кени 12,5 пайыз гана таасир берүүдө», — дейт Рыскелди Асанкожоев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума