15:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

10-ноябрда Суу кодексине өзгөртүү боюнча талкуу болот

10-ноябрда Суу кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизген мыйзам долбоор боюнча талкуу болот. Бул боюнча бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды.

Анда белгилүү болгондой талкууга парламент депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар чакырылган.

Эскерте кетсек, бүгүн Акүйдүн алдында жогоруда аталган мыйзам долбоорго каршы митинг өттү. Жарандык активисттер, экологдор парламенттен Суу кодексине өзгөртүүнү артка кайтарууну талап кылышты.

Жогорку Кеңеш эки окууда кабыл алган мыйзам долбоордо алтын казып алган ишканаларга «өзгөчө учурда гана мөңгүлөрдү бузууга уруксат берилет» деп айтылат. Мөңгүгө аз зыян келтирилген учурда гана бюджетти түзүүчү ишканаларга, ири салык төлөөчүлөргө өкмөт эксперттик топтун бүтүмү менен гана макулдук берет. Долбоор «Кумтөргө» Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүндө кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол ачат.

Эң көп окулган жаңылыктар