07:17
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мөңгүлөрдү иштетүүгө уруксат берген мыйзамды жокко чыгаруу сунушу сотто каралат

Бишкек шаардык райондор аралык соту Суу кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү жокко чыгаруу боюнча «Демократия жана жарандык коому үчүн» коалициясынын арызын карайт. Бул тууралуу укук коргоочу Азамат Адилов.

Соттун биринчи отуруму 20-ноябрда өтөт.

Эскерте кетсек, 16-ноябрда Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртү киргизди. Ага мурдакы президент Алмазбек Атамбаев 23-ноябрда кол койду.

Бул мыйзам мөңгүлөр жайгашкан аймакта дагы кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол берет. Өкмөттүн билдирүүсүндө, мыйзам «Күмтөр» ишканасы иштеген Давыдова жана Лысый мөңгүлөрүнө гана багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар