08:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мын Цзя: Бишкектеги маршурткалардын каттамдарын жаттап, эс-тутумумду жакшырттым

Мын Цзя кыргызстанга үч жыл мурда келген. Достору аны Айсулуу деп аташат. Пекинде Финансы жана экономика борбордук университетин аяктагандан кийин, Кыргызстанга келип, Бишкек гуманитардык университетинде окуусун улантты.

Айсулуу орус тилин жакшы билет. Эми кыргыз тилин үйрөнүп, биздин өлкөдө иштеп, жашап калууну пландоодо.

— Бишкекте эмне сизди таң калтырат?

— Бул чакан көп маданияттуу шаар. Мени ордо каала гана эмес, жалпы Кыргызстан таң калтырат. Айрыкча табияты жана тамак-аштын арзандыгы жагат. Кыргыздар абдан меймандос калк. Алар тааныбаган кишини дагы чай ичүүгө чакырышат. Бишкекте кытай товарларын көргөндө эле өзүмдүн өлкөмдү элестетип кетем.

— Бишкекте жүрүп эмнени сагынасыз? Сизге эмне жетишпейт?

— Бул жерде менен батирди ижарага алып жашайм. Үйдүн кожейкеси менин боорукер апама окшош. Шаарда техника жана банк тутумунун өнүкпөгөнү жаман.

— Шаарда сизге жаккан жерлер барбы?

— Ала-Тоо аянты жагат. Коомдук транспортто жүргөндү жакшы көрөм. Кичиавтобусдардын багытын эстеп калууга аракеттенип жатып эс-тутумумду кыйла жакшыртып алдым.

— Улуттук таман-ашты жактырасызбы?

— Бул жерде түрдүү ашканалар бар. Улуттук тамак-ашта дагы тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Негизинен плов, манты, самсы жана шаурманы көп жейм. Тамак-аштан коркпойм. Бул жерде эми таракандарды жана башка курт-кумурскаларды жешпейт да. Азыктардын баардыгы даамдуу жана сапаттуу деп эсептейм.

— Жергиликтүү калк менен таанышууда эмнеге көңүл бөлдүңүз?

— Мага кыздардын кийингени, боенгону жана бийик такалуу туфлилер менен жүргөнү жакты. Бирок, кыздардын укугу тебеленип жаткандыгы өкүндүрөт. Алар ата-энеси тандаган жигитке турмушка чыгууга аргасыз экен.

Эң көп окулган жаңылыктар