Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек» ѳткѳрүү бекетине дааратканалар курулду. Бул тууралуу өкмѳттүн Чүй облусундагы ѳкүлчүлүгү билдирет.
Маалыматта, 1-ноябрда ишембилик өткөрүлүп, 7 таштанды челек жана 4 дааратканалар орнотулганы айтылат.
Андан тышкары, облустук администрация чек арада турган айдоочуларды тамак-аш менен да камсыз кылууда.