USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Кыргыз бажычылары казак өкмөт башчысын айыпташты

15:41, 31 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Казакстан импорт боюнча туура эмес маалымат берүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов билдирди. 

Анын айтымында, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кытайдын маалыматтарына таянууда. 

«Бирок, Кытай менен Кыргызстандын бажы төлөмдөрү ар башка. Бирдей статистика жок. Биз ЕАЭБке киргенге чейин кытай импортунун көлөмү бир топко жогору эле. Андан тышкары, контранбанда деп айтуу да туура эмес. Анткени товарлардын баары катталат. Бирок, наркы туура эмес көрсөтүлөт», — деп түшүндүрдү Азамат Сулайманов. 

Эскерте кетсек, Бакитжан Сагинтаев Арменияда өткөн ЕАЭБтин жыйынында Кыргызстанда контранба жолу менен өткөн кытай импорту Казакстандын бюджетин оор жоготууларга алып келип жатканын айткан. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика