16:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстан кыргыз-казак чек арасы тууралуу туура маалымат берүүгө чакырды

Казакстандын Тышкы иштер министри кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча туура маалымат берүүгө чакырды. Бул боюнча Informburo.kz сайты маалымдайт. 

Казакстандын билдирүүсүндө, Кыргызстандын коомчулугу чек ара боюнча туура эмес маалымат алып жатат. 

«Премьер-министр Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБтин өкмөттөр аралык кеңешмесинин жүрүшүндө чек ара боюнча так маалымат берди», — дейт казак ТИМи.

Бүгүн Казакстандын Бишкектеги элчилигин алдына «Кырк чоролор» уюму митингге чыккан. Алар казак бийлигине кайрылып, чек араны ачууну өтүнүшкөн. «Кырк чоролор» маселе чечилбесе,  үч күндөн кайра митинг уюштурмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар