12:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент тилегин орундатты

Алмазбек Атамбаев таза шайлоо өткөрүп, тилегин орундатканын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн чет элдик элчилерди кабыл алуу учурунда билдирди.

Президенттин айтымында, эки гана облустан шайлоону уткан талапкердин административдик ресурс боюнча билдирүүсү күлкүлүү.

«Кыргызстан четтеги бир байкеге эмес, өз президенттине ишенет», — деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Анын пикиринде, 15-октябрда өткөн шайлоодо ачык айкын добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

«Менин таза шайлоо өткөрүү тилегим болчу. Эки эле облустан жеңген талапкер административдик ресурс жөнүндө сүйлөгөндө күлкүң гана келет экен», — деди Алмазбек Атамбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума