06:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаев өкмөттү кыргыз товарлары үчүн жаңы рынокторду издөөгө чакырды

Алмазбек Атамбаев өкмөттү кыргыз товарлары үчүн жаңы рынокторду издөөгө чакырды.  Ал бул тууралуу бүгүн чет элдик элчилерди кабыл алуу учурунда билдирди.

Өлкө башчысы өкмөткө жана ишкерлерге Өзбекстан жана Кытайдын рыногун иликтөөнү сунуштады.

«Өндүрүш товарларын Россияга темир жол менен жеткирүүнү сунуштайм. Ал эми Бишкектеги жылуулук станциясын жергиликтүү көмүргө өткөрүү зарыл», — деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаал жаңы темир жолду куруу зарылдыгын көрсөткөндүгүн айтты.

«Өкмөт жаңы темир жолдун курулушуна айрым депутаттардын сөзүнөн улам насыя албай калды эле. Эми алар популисттик гана сөздөрдү айткандыгы анык болду», — деди пезидент.

Эскерте кетсек, Казакстан 10-октябрдан бери кыргыз жүк ташуучу ууналарына өз аймагын жапты. Кыргызстандан бара жаткан жүктөр жана Россиянын аймагы аркылуу Кыргызстанга келе жаткан ууналар дагы казак чек арасында өтө албай турушат. Казакстан апта башында Ереванда чек ара ачылбасын так айтты. Ошондой эле казак өкмөтү көмүрдү экспортко чыгарууга тыюу салды. Кыргызстандын түндүгү көбүнчө казак көмүрү менен жылынары белгилүү.

Эң көп окулган жаңылыктар