00:28
+7
USD 69.70
EUR 82.04
RUB 1.18
Кыргызча

Кейко Изуши: Койдун көзүн жегенден корком, кулагы болсо таттуу!

Фото Кейко Изуши

Жапон Кейко Изуши акыркы эки жылдан бери Кыргызстанда жашайт. БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аймактык директорунун орун басары болуп иштейт. Ал «24.kg» агенттигине Кыргызстанга болгон сүйүүсүн айтып берди.

— Кыргызстанда сизди эмне таң калтырды?

— Бишкекте көчө кыдырып жүргөн кезде, мени кыргыз катары кабыл алып, жолду сурап калышат. Мен бир аз орусча билем. Андыктан, кээде кыска жооп берип калам.

Ушу шаарды ээн-эркин кыдырып жүрүү мүмкүнчүлүгү абдан жагат. Кыргызстанга келгенче Ооганстанда иштедим. Ал жакта көчөгө этияттап чыкчубуз.

— Бишкекте өзүңүз шаарыңызды эске салган жерлер, же көрүнүштөр барбы?

—Бишкек жапон рестораны бар. Досторум менен барып турам. Ал жерде өзүмдүн үйүмдө жүргөндөй сезем.

— Бишкекте, Кыргызстанга сизге жаккан жерлер барбы?

— Кыргызстандын жаратылышы жакты. Тоолор шаардан көп алыс эмес. Жарым саатта жетсең болот.

Албетте Ысык-Көл абдан кооз көлдөрдөн. Баарынан да тоого барып ат минип эс алганды жакшы көрөм.

Фото Кейко Изуши ат мингенди жактырат

Чоңчуңкурчаак жана андагы «Супара» абдан жагат. Күзүндө ал жерде абдан сонун, табият көз жоосун алат. Улуттук ашканасы дагы мыкты экен. Тез-тез барып турам.

— Улуттук ашкананын тамактаныран даам сызып көрдүңүзбү?

— Палоо, шишкебек жагат. Кышында шорпо, жайында окрошканы жан дилим менен ичем.

— Кайсы улуттук тамакты жей албай койдуңуз?

— Койдун көзү жеп көрө элекмин. Ал абдан сый экеннин билем, бирок, жей албайм го деп ойлойм. Бирок, койдун кулагына ооз тийип көрдүм, даамы жакшы экен.

— Жергиликтүү калк жөнүндө оюңуз кандай?

— Конокко барганда түрлүү, даамдуу тамактар менен курсакты тойгозуп, анан дагы бир баштык таттууларды салып беришет. Бул мени абдан таң калтырат.

Бирок, кечигип жүргөндүгү — бул чоң кемчилик. Мен жолугушууларга дайым убагында келем. Кыргызстан элдер эч канчан айткан саатына келбестигине көнө албайм койдум. Негедир сенде убакытың жок болсо да, бир нече саат күтүп олтура алат деп ойлошот.

Фото Кейко Изуши

Эң көп окулган жаңылыктар