Кара-Балта шаарында өз жанын кыйган өспүрүм кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Бул тууралуу Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Алакшур Гасанов билдирди.
Анын айтымында, 8-класстын окуучусу мектепте жакшы бааларга окуган.
«Ата-энеси ажырашып, апасы Түркияда, атасы Россияда иштеп жүргөн. Атасы жакында эле дагы бир бүлө күткөндүгү белгилүү болду. Эжеси менен сабактын айынан айтыша кетип, бешинчи кабаттан боюн таштаптыр» — дейт ал.
Окуя 19-октябрь күнү болду.