19:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Саякбай» тасмасы Лос-Анжелосто көрсөтүлөт

«Саякбай» тасмасы Лос Анжелесте өтө турган Аsian World Film Festival форумунда көрсөтүлүп, байгеге ат салышат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында аталган кинофорумдун негиздөөчүсү Садыр Шер Нияз билдирди.

«Саякбай» тасмасынан сырткары, Кыргызстандан «Кентавр» жана «Мунабия» да аталган фестивалга катышат.

Фестиваль 25-октябрдан 2-ноябрга чейин Лос-Анжелесте өтөт. Калыстар тобуна Сергей Бодров (Россия), Лиза Лю (Кытай), Туба Бюйюкюстюн (Түркия), актер Томас Лим (Кытай), Майкл Нури (АКШ) жана композитор Нэйтан Ван (АКШ) чакырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар