16:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Казакстан Киров суу сактагычынан агызылган сууну кабыл алууга даяр

Казакстан Киров суу сактагычынан агызылган сууну кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин төрагасы Руслан Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан суу сактагычта оңдоо иштерин жүргүзөрүн маалымдаган. Жамбыл облусунда жайгашкан Шу-Талас бассейны кошумча сууну кабыл алууга даяр.

«Казакстандын атайын кызматтары толук даярдыкта турушат. Бүгүн сууну агызышмак, бирок азырынча тынч. Өзгөрүүлөр болсо, Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри маалымдайт», — дейт Руслан Иманкулов.

Шу-Талас бассейнинин сыйымдуулугу 550 миллион куб метр. Азыр анда 19 миллион кубметр суу бар.

Эскерте кетсек, Айыл чарба министрлиги бүгүн Киров суу сактагычындагы суу агызыларын маалымдаган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар