Бүгүн Киров суу сактагычынын суусу агызылып баштады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Суу чарбачылыгы жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиев билдирди.
Анын айтымында, сууну кечээ, 18-октябрда кое беришмек. Бирок, Манас районунун дыйкандары жана Казакстандын Жамбыл облусунан бир күнгө жылдыруу сунушу түшкөн.
Учурда суу сактагычта 30 миллион кубометр суу бар. Суу 5-6 күн ичинде агып бүтөт. Оңдоо иштери 15 күндө аяктары маалымдалат.