17:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Атамбаев ага каршы жарыялаган жихаддарга көнүп калгандыгын билдирди

«Мага бир нече жолу жихад жарыялашкан. Мен андан коркпойм», -деди ЖОЖдордун алдынкы студенттерин сыйлоо учурунда президент Алмазбек Атамбаев.

«Куран боюнча «жихад» — бул дүйнөдөгү жамандык менен күрөшү. Эгер сиздер жакшылыкка гана ишенсеңиздер, анда эртели кеч ал ишке ашат. Силерге муну президент болгон киши айтып жатат», — деди Алмазбек Атамбаев.

Өлкө башчысы өзүнүн абдан эмоционалдуу экендигин да мойнуна алды.

«Бирок, эми бул мүнөзүмдү 61 жашымда оңдоого кеч го. Эми чындык да бирөө айтыш керек да. Ал көптөргө жакпайт. Өзүмө дагы зыяны тийет. Бирок, мен дайым чындык менен гана жеңгенмин», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума